Касымалиева, Аида
Аида Касымалиева - кыргызстандык журналист, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
Кыскача өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1984-жылы 7-августта Кыргызстандын Ош шаарында туулган.
Ош шаарындагы Гагарин атындагы гимназия-орто мектебин (1991 – 2001) артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. Бишкек гуманитардык университетинде (2001-2005) журналистика адистигинде билим алып, кызыл диплом менен аяктаган.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2004 – 2008-жылдары "Азаттык" үналгысынын «Азаттык+» жаштар радио программасынын координатору жана «Азаттык+» жаштар телепрограммасынын автору жана алып баруучусу, продюсери болуп эмгектенген.
2008-2019-ж.ж. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британиялык институтунун (IWPR) Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору.
2010-2012-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери.
2012-2013-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын Москвадагы өз кабарчысы,
2013-2014-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги жана Чехиянын борбору Прагадагы Башкеңсесинде кабарчы болуп эмгектенген.
2014-ж. НТС ТРКсы, башкы продюсери.
2015-ж. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (кыскача КТРК), «Ой ордо» ток-шоусунун алып баруучусу.
2017-ж. 29-декабрь. КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты.
2018-жылдын 26-декабрынан бери Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Тарыхтын татаал ашуулары», «Эрте кеткен турналар», «Москвада калган ый» документалдык фильмдеринин автору.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы – 2017, Бишкек, Кыргызстан;
“Аялдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча жымжырттыкты бузуу” сынагынын алкагында эрте турмуш куруу жөнүндөгү “Эрте кеткен турналар” аттуу документалдык фильми үчүн биринчи орун - 2016, Бишкек, Кыргызстан
“Жыл ачылышы” атайын сыйлыгы - «Бир дүйнө» кинофестивалында мигрант аялдар жөнүндөгү фильми үчүн - 2012, Бишкек, Кыргызстан
Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү/ Манила, Филиппин
Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү /Токио, Япония
КР дин Президентинин “Үмүт” стипендиясынын ээси - 2004, Бишкек, Кыргызстан