Айбашева, Канымкүл

Википедия дан

Айбашева Канымкүл (1901-1940) - актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) менен байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К. Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшпмдпн аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Токтордун байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1