Мазмунга өтүү

Айбек Абдылдаев

Википедия — ачык энциклопедия

Айбек Абдылдаев (1982-жылы 5-июнда туулган) ― журналист, жазуучу.

Кыскача өмүр жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналист, жазуучу Айбек Абдылдаев 1982-жылы 5-июнда Алай районундагы Каблан-Көл айылында туулган. 1999-жылы Э.Мурзаев атындагы орто мектепти, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүн аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун 2003-жылы “Ош жаңырыгы” гезитинен баштаган.  2003-2007-жылдары “Ош жаңырыгы” гезитинде кабарчы, жооптуу катчы болуп иштеген.

2007-2021-жылдары ‎ BBC Кыргыз кызматынын кабарчысы, веб-редактору, Лондондогу кеңсесинде радио продюсер болуп эмгектенген.

2014-2015-жылдары Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө мугалим:

2021-жылдан тарта ‎“Азаттыктын” веб-редактору, 2023-жылдан тарта башкы редактору болуп эмгектенүүдө.

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылы Таш Мияшов атындагы жаш акын-жазуучулардын фестивалынын лауреаты болгон. 2008-жылы ӨКМдин “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси берилген. 2017-2020-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

2024-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Жылда өткөрүлүүчү журналистика жаатындагы "Умтулуу-2024" сынагынын жеңүүчүсү болгон.

  • 2016-жылы “Түндөр” ырлар жыйнагы жарык көргөн.
  • 2021-жылы “От кечкен отуз күн” аңгемелер жыйнагы жарыяланган.
  • 2025-жылы “Абдувахаб Мониев” аталышындагы эмгеги жарык көргөн.
  • "Түндөр". А4702300200-16. УДК821.51. ББК 84 Ки 7-5. ISBN 978-9967-180-56-9. ©Абдылдаев А., 2016
  • "От кечкен отуз күн". УДК821.51-3. ББК 84 (5Кир)-44. ISBN 978-9967-29-448-6. ©Абдылдаев А., 2021.
  • "Абдувахаб Мониев". УДК 821.512.154-3 ББК 84 (5Кир)-46 ISBN 978-9967-35-370-1 ©Абдылдаев А., 2025.