Айгыр жыгар

Википедия дан

Айгыр жыгар бул үйлөнү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө, салт. Кызды күйөөгө узатууда анын синдилери келинчегин алып узап бара жаткан күйө баланын, - жездесинин жолун тороп, кетирбей убара кылышкан. Күйө бала аларга ар кандай кыз балдарга тиешелуу майда-бараттарды, белектерди берип кутулган. Акча беруу туура эмес деп эсептелген. Бул салт кыргыз көркөм адабиятында да чагылдырылгын учурлар кездешет. Айгыр жыгар кыргыздардын тундук урууларынын үйлөнүү үлпөтүндө орун алган. Кийинчерээк бул жоролго замандын өзгөрушү менен колдонулуудан калып келатат.

Пайдаланылган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек - 2003.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]