Айгүл, Эдуард чаар гүлү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Айгүл.

Айгүл, Эдуард чаар гүлү (лат. Fritillaria eduardii Regel), (Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk.) Vved.) - Пияз түбү жумуру-шар сымал, 4–9 см калыңдыкта (өстүрүүдө салмагы 1 кг га чейин жетет). Сабагы тик, бороздуу, түксүз, бийиктиги 37–95 (150 ге чейин) см, сабактагы жалбырактары ачык-жашыл, созулуңку-ланцеттей, сабагынын жарымын курчаган, учтугуй, төмөнкү жалбырактарынын узундугу 10–15 см (22,5 см ге чейин), туурасы 5–12 см. Гүл тобунда 15-ке чейин (көбүнчө 4–5) гүл болот . Гүл коргону ачык-кызыл (кара-кочкул-кызыл тарамышчалуу), жазы коңгуроодой, узундугу 4,5–6,5 см. Мөмөсү – кургак кутуча, узундугу 6–7 см, уругу майда, күрөң сымал.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Stamp of Kyrgyzstan aigul2.jpg

Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп; гүлдөрүнүн жыты анча айкын эмес, нектарынын курамында канттын саны өтө аз; гүлдөрүндө курт-кумурскалардын 13 түрү аныкталган ; чаңдашууда сур чымчык дагы катышат . Мөмөлөөсү май – июнң, жер үстүндөгү бөлүгү жайдын ортосунда куурап калат. Топтошуп, кээде кылк аянтты ээлеп, жалгыздан да өсөт. Жаратылышта уругу аркылуу кана көбөйөт (орун алмашчу пияз түптөрү энелик пияз түптүн ичинде пайда болот), уругунун өнүмдүүлүгү 60%тен кем, эгилгенден кийин 7–9 жыл өткөндө гүлдөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тажикстан, Өзбекстан, Түндүк Ооганстан, Кашмир , Кыргызстан . Кыргызстанда эки жер тизмегинде – Түркстан тоо кыркасында: Айгүлташ тоосунун түндүк капталынан (Силамташ), Козуланташ жана Птоо (Баткен шаарынан 17 км түштүк-чыгышы, Исфара суусунун бассейни), жана Лайлимазар суусунун сол жээгиндеги капчыгайда (Баул кыштагына жакын, Лейлек суусунун бассейни) кездешет. Жергиликтүү калктын башка дагы обочолонгон жерлерде бар экендиги аныктоону талап кылат.

Өсүү шарттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Борпоң, карбонат топурактуу, ири, ным корумдуу, акиташтуу, шагылдуу түнт токой алкагында, гипстердин калдыктары чыккан капталдардагы бадалдардын арасында, дарактардын алдында, кээде ачык эңкейинки дүңгөлүү аянттарда, аска-зоолордун алдына (негизинен батыш жагында), ортоңку тоо беттеринде деңиз деңгээлинен 700–2500 м бийиктиктерде (Кыргызстанда – 1550–2000, тик ылдый түндүк беттеринде) өсөт .

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалпысынан ареалында аз жана кыскарып жатат; Кыргызстанда обочолонгон жерлерде 10х10 м келген эсептеги аянттарда 100 даана учурайт .

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Стенойкия, интенсивдүү антропогендик фактордун натыйжасында өсүү шарттары бузулушу (мал жаюуу, бадалдарды кыюуу, рекреация ) мүмкүн, регионалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн (негизинен жаан-чачын режиминин), түздөн-түз жоготуу (пияз түбүн казып жана негизинен гүлүн үзүп чогултуу). Табигый зыянкечтердин таасири анча көп эмес .

Өстүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөнүн көпчүлүк ботаникалык бактарында жетиштүү өстүрүлөт, кеминде, 150 жыл мурдатан бери . КР УИАнын Ботаника багынын коллекциясында (Бишкек ш.) жок, декоративдик максат менен Баткен районунун жергиликтүү калкы өстүрөт .

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда популяциялары корукка алынган территориялардан тышкары жайгашкан, бирок өскөн аймактарында жергиликтүү калктын демилгеси менен мал жаюу жана гүлүн үзүп чогултуулары жөнгө салынган . Түр Өзбекстандын Кызыл китебине 1984 жылы киргизилген , Тажикстанда Рамит жана Даштиджум коруктарында корголот.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Жергиликтүү калктын демилгесин колдоп, түр өскөн аймактарга «Улуттук парк» деген статус берип, түрдү коргоо боюнча кеңири пропагандалоо. Пияз түбүн казып алууга жана мал жаюууга тыюу салып, ботаникалык бактарда өстүрүү зарыл.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

EN B1ab(i,ii,iv,v). Кыргызстанда үч обочолонгон жерде таралган тукумдун түндүк чегиндеги, негизги ареалынан ажыраган жалгыз түр. Жогору декоративдүү, антропогендик факторлордун кесепетинен ареалы жана саны кыскарып бара жаткан, регионалдык бир нече Кызыл китептерге киргизилген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]