Айдана Оторбаева

Википедия дан


Айдана Оторбаева
Оторбаева Айдана Кубатбековна
Туулган күнү

(1995-06-31) 31-июнь 1995 (28 жашта)

Туулган жери

Бишкек шаары

Жарандыгы

Кыргыз Республикасы

Ишмердүүлүгү

Футболчу ,Кайрымдуулук ишмер

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери

Оторбаева Айдана Кубатбековна – Кыргызстандын футбол жана футзал боюнча улуттук курама командасынын футболчусу, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери, Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрайымы [1], “Maestro” футбол мектебинин негиздөөчүсү. Ал “Азалия” жана “Абдыш-Ата” футбол командаларында ойногон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдана 1995-жылы 31-июлда Бишкек шаарында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Айдана Бишкектеги №14 мектепте окуган. 11-классты аяктагандан кийин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырууну чечет. Окууну аяктагандан кийин (2017-жылы) окуусун улантпоону чечип, өзгөчө жакшы көргөн ишине – футболго багыт алат.

Айдана бала кезинен эле өз алдынча болчу. 9 жашынан тарта апасына университетте пол жууганга жардам берип иштей баштаган. 18 жашында ал өзүнүн биринчи стартапын ачкан – ал сүт коктейлдерин жана муздак суусундуктарды сатчу, ал эми 19 жашында өзү сэндвич жасап, университеттердин ашканаларына сатып акча тапчу [2]

2015-жылы спортчу капысынан ооруп калган. Дарыгерлер ага алгач артрит деген диагноз коюшуп, диагноз такталбагандан кийин сөөк рагы бар деп шектене башташкан. Бирок кайра текшерүүдөн кийин диагноз жаңылыш коюлганы белгилүү болгон [3] . Оорунун себеби ушул күнгө чейин белгисиз. Жөнөкөй негизги көнүгүүлөрдү жасап жүрүп абалы оңолуп, Айдана спортко кайтып келген. Ошол эле жылы тагдыр кызга дагы бир сокку урган – ал апасынан айрылган.

Футболдогу карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спортчунун футболго болгон сүйүүсү 8 жашында пайда болгон – бул кезде ал короодо достору менен футбол ойночу. Мектептеги дене тарбия боюнча машыктыруучу анын дараметин биринчилерден болуп байкап, футболго олуттуу мамиле жасоого үндөчү [4].

2018-жылы “Madrid CFF” клубу (Madrid Club de Futbol Femenino) Айдана Оторбаева менен келишим түзгөн. Ошентип, Айдана Испанияда машыгып, турнирлерге катышчу .

Спортчу Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуп келет. Оторбаева “Maestro” футбол мектебинин негиздөөчүсү (2018-жылдан бери).

2021-жылы ал FIFPro Hero сыйлыгын алган – бул Кесипкөй футболчулар ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын атайын сыйлыгы [5].

Кайрымдуулук иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдана Оторбаева кайрымдуулук иштерине жигердүү катышып келет. Пандемия учурунда ал стационарлардагы жана “кызыл зоналардагы” медициналык кызматкерлерге жардам берүү үчүн “Сообща” ыктыярчылар кыймылын негиздеген. Жакында эле ал Кыргыз Республикасынын спортчусу, паралимпиадачы Арстанбек Базаркуловго үй куруу үчүн акча чогултууга жардам берген.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдана Оторбаева – сологой, футболду сол буту менен ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


[1] Харизов Р. Айдана Оторбаева возглавила Ассоциацию профессиональных футболистов // URL:

https://24.kg/obschestvo/217014_aydana_otorbaeva_vozglavila_assotsiatsiyu_professionalnyih_futbolistov/

[2] https://limon.kg/ru/news:74319

[3] https://kaktus.media/doc/375245_persona_nedeli:_fytbolistka_aydana_otorbaeva.html

[4] Айдана Оторбаева: Женский футбол набирает популярность //  https://kloop.kg/blog/2016/02/13/ajdana-otorbaeva-zhenskij-futbol-nabiraet-populyarnost/

[5] https://limon.kg/ru/news:70668

[6] Айдане Оторбаевой не удалось выиграть премию Merit Award, но организаторы удостоили ее особой награды // URL:  https://ru.sputnik.kg/20210218/kyrgyzstan-ajdana-otorbaeva-fifpro-hero-nagrada-1051507947.html

[7] Айдане Оторбаевой не удалось выиграть премию Merit Award, но организаторы удостоили ее особой награды // URL:  https://ru.sputnik.kg/20210218/kyrgyzstan-ajdana-otorbaeva-fifpro-hero-nagrada-1051507947.html

[8] Харизов Р. Футболистка помогла собрать деньги для строительства дома Арстанбеку Базаркулову // https://24.kg/obschestvo/197651_futbolistka_pomogla_sobrat_dengi_dlya_stroitelstva_doma_arstanbeku_bazarkulovu/