Айдап келүү (укук)

Википедия дан

Айдап келүү – соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келбей койгон (жүйөлүү себепсиз) айыпталуучу, соттолуучу, шек саналуучу, ошондой эле жабырлануучу, күбө ж. б. адамдардын ички иштер органы тарабынан мажбурлоо жолу менен алынып келинүүсү. Жогоруда аталган жактар жүйөлүү токтом боюнча аныкталган соң, аны аткаруу тийешелүү ички иштер органдарына жөнөтүлөт. Айдап келүү түн мезгилинде жүргүзүлбөйт. Эрезеге жетелек балдар, боюнда бар аялдар, ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу келе албаган же жайгашкан ордун таштап кете албаган бейтаптар мажбурлап алып келүүгө жатпайт.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7