Айдар
Jump to navigation
Jump to search
Параметр text не задан |
АЙДАР — "Манас" эпосундагы "Манас" эпосундагы каарман. Бардык варианттарда айтылып, бирдей же окшош түрдө мүнөздөлөт. Негизинен «Көкөтөйдүн ашында » катышып: Ар жумушка дилгирген, Алтымыш бурку тил билген, Ары тилмеч, ары акын Ар жакшыга көп жакын. Ыраакы, жакын иш кылсак Ыкчылдыгы бар эле (Сагымбай Орозбаков, 3. 86), деп сүрөттөлөт. Мааникерди минип ошол кездеги кыргыздарга белгилүү болгон бүткүл жерди кыдырып, ашка элди чакырып, эң жооптуу милдет аткарат. Ашта Ырчыуул менен бирге жарчы болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4