Мааникер

Википедия дан

Мааникер-Көкөтөйдүн тулпары. Ал өлгөндө Бокмурунга калат. Эпосто өзгөчө макталып сыпатталган күлүк. Көкөтөйдун ашына келген Коңурбай менен Жолой Мааникердин тулпарлыгына кызыгып, чатак чыгарып, Мааникерди берүүнү талап кылышат. Ашка Манас келип, Мааникерди ээсине калтырат.

Ай, жаныбар Мааникер
Жылкыдан чыккан көй кашка,
Сыны малдан бир башка,
Учкан куш менен жарышкан,
Казы алуучу боор эт
Кайра тартып зымпыйып,
Сөөгүнө жабышкан,
Айгай укса шашпаган,
Айдын караңгысында
Бир изин жаза баспаган,
Чуу укканда бөлүнгөн,
Азар түмөн кол болсо
Тулпарлык сыны көрүнгөн,
Басып өтсө кара жер
Кың-кыңынан бөлүнгөн,
Баскан буттуу дебесе
Канаты бардай көрүнгөн.
Чылбыры тутам калбаса
Чындаган жоого алдырбайт,
Курган кырсык чалбаса
Куйругун өрткө чалдырбайт,
Омуроо сынып өтпөсө,
Ок жаңылып кетпесе
Мингенин жоого алдырбайт.
Жетик күлүк Мааникер,
Желгенине жел жетпес,
Басканына мал жетпес,
Тизгинин жыя тартпаса
Учкан куштай такымдайт,
Кырк күнчүлүк жолдордо
Булут өңдүү закымдайт.
Кырк күнчүлүк чөл болсо
Кылт этип су у ичпеген,
Чуркаган сайын узарган,
Кайыптай көзү кызарган,
Көкөтөйдүн Мааникер
Кара байыр казанат,
Калбыр өпкө, жез канат,
Тайгылбаган бийиктен,
Такыр эле кем эмес
Ташка баскан кийиктен.