Айдаркен флюорит кени

Википедия дан

Айдаркен флюорит кениБаткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978-ж. запасын бекиткен. Таш-Көмүр системасынын москва ярусунун пыркаф жана толубай свиталарынын тоотектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап–сурьма руда тулкулары менен флюорит минералы байланышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Рудадагы флюориттин өлчөмү 16,57% түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары колдонсо болот. Флюориттин категориясы боюнча запасы С1–267 миң т, С2–270 миң т, 1997-жылга карата баланстагы запасы С1–261 миң т, С2–269 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]