Айдаркулов, Кадыркул

Википедия дан

Айдаркулов Кадыркул (1946-жылы туулган). Тарыхчы-этнограф жана дастан изилдөөчү. КМУнун тарых бөлумүн аяктаган. Тарых илимдеринин кандидаты (1992), доцент (1994). Эмгек жолун Кыргыз ИАсынын Тарых институтундаилимий кызматкер катары баштаган. "Семетей" эпосунун араб арибиндеги нускасын иликтеп, ага айрым текстологиялык иликтөөлөр жүргүзгөн. Ордо, тогуз коргоол сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарынын келип чыгышын, алардын ойлонуу тартибин, ыкмаларын, оюн жүрүү процессиндеги жоокердик турмуштун айрым корүнүштөрү сыпатталган. "Манас" үчилтигинин башка маселелери боюнча да бир катар эмгектери илим чөйрөсүнө маалым. Учурда Жалал-Аббад мамлекеттик университетинде эмгектенүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.