Айжигитова Тажы

Википедия дан

Айжигитова Тажы Саймачы, килемчи. 1936-ж. Баткен районунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Китепканачы болуп иштеген. Тажы килемчиликти, өрмөкчүлүктү, саймачылыкты бирдей тутат. Ат жабууну салттуулукта кармайт. Буюмдун жердигин төөнүн, койдун жүнүнөн даярдайт. Кебезди да ийрип колдонот. Өрмөк согууда таарга уз «илме дос», «илме сайма» өңдүү ыкмалар аркылуу көркөм көчөт берет. Ал үзүк, тердик, жапсар баштык (текче), бокчо (кыздын себин орой турган таар), күзгү кап сыяктууларды уздукта кармайт. Тажынын ат жабуусунда «төкмө чачы», «тор чачык» бар. Ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» жээк катары катары (бакжагай) энин элидей эндүүлүктө берет. Четине өрмөкчүлүк жана саймачылык аркылуу «четтик көчөт» көчүрүлөт. Анын эки тарабында «чычкан изи» бар. Андан кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрүн саят. Уздун көркөм көчөттөрү көбүнчө «жарым кайкалак» көчөтүнүн элементтеринен турат. Ат жабуунун ортосуна түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктолот». Табакчаларынын ичи сырты жарым кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулат. Өңдөрдүн ич ара айкалышын жана сайманын ыкмасын биринчи орунга коёт. Ал сайманын эски ыкмаларын өзүндөй сактоо менен көркөм көчөттөрү элдик нукта болуп, өнөрдү таасын улантууга дилгирлентет. Тажы өз өнөрүн нускалап, келини Сапарова Шарапат (Баткен району, Кызыл-Жол айылы) дал өзүндөй уз аталууда. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Терме шалчасы мамлекеттик музейге экспонатталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0