Айзада Жамгырчиева

Википедия дан

Айзада Жамгырчиева (25-августта 1995 жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында туулган) телеалпаруучу, ырчы жана актриса.[1]

Айзада Жамгырчиева
Туулган күнү

23-август 1995 жыл

Туулган жери

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылы

Жарандыгы

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү

телеалпаруучу, актриса, ырчы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала кезинен ырдаганды жакшы көрүп, мектепте ар кандай иш-чараларга активдүү катышканн. Ал үч жыл катары менен мектептин президенти болуп шайланган. Мектепти артыкчылык атестатты менен бүтүргөн. 17 жашынан бери телеалпаруучу болуп эмгектенген, үч жыл Тамашоу лигасында ойногон. “Мисс КНУ 2014” сынагына катышып, жеңүүчү болуп, Түркияга жолдомо утуп алган.Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин бакалавриат жана магистратурасын аяктаган. [2].[3]

Кинодо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Этномедиа" кыргыз тасмаларынын онлайн кинотеатрында Айзада Жамгырчиеванын катышуусундагы төмөнкү тасмалар көрсөтүлгөн:[4]

Love Is... - 2020, мелодрама

Сүйүү керемет - 2018, комедия, мелодрама

Мегатой 2 - 2018, комедия

Маскарапоз - 2018, балдар тасмасы, комедия

Сюрприз - 2016, комедия

Кайрымдуулук иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө жардам көрсөткөн.[5]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

УТРКнын “Музыка” телеканалынын алып баруучусу катары Айзада Жамгырчиева кесиптик милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн президенттин жеке сааты менен сыйланган[6]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Айзада Жамгырчиева: Тасмалары https://www.etnomedia.kg/person/609
  2. 19 фактов об Айзаде Жамгырчиевой, которая когда-то подрабатывала в швейном цехе, а теперь купила квартиру родителям. Linon.kg19.11.2019. https://limon.kg/ru/news:72235
  3. Айзада Жамгырчиева. super.kg, № 933, 22-28-октябрь, 2020-ж. https://www.super.kg/article/show/52823
  4. Айзада Жамгырчиева:Тасмалары. https://www.etnomedia.kg/person/609
  5. Как прошла встреча Жээнбекова и волонтеров, со слов пресс-службы аппарата президента. kaktus.kg, 21-июлm 2020. https://kaktus.media/doc/417526_kak_proshla_vstrecha_jeenbekova_i_volonterov_so_slov_press_slyjby_apparata_prezidenta.html
  6. Президент билим берүү, теле жана радио тармагынын кырзматкерлерин сыйлады. Super.kg, 13-декабрь, 2022. https://super.kg/kabar/news/422023