Айлампа (ирим)

Википедия дан

Айлампа, ирим - айлан көчөк дарыянын же деңиздин үстүңкү бетиндеги айрым жерлерде суунун имерилип оргуп агышынан пайда болгон ирим. Айлампа көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, ошондой эле суу нугунун кескин жайылып кетер алдында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын жана тартылуу толкундарынын, ошондой эле карама-каршы агымдардын кошулган жерлеринде жаралат. Айлампанын диаметри бир нече смден, океандарда бир нече кмге жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1