Айнуру Алтыбаева

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Айнуру Алтыбаева
Туулган датасы:

28 -февраль 1958(1958-02-28) (61 жаш)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Билими:

Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)

Партиясы:

КСДП (2015 — а. у)
Ар-Намыс (2010 — 2015)

Ишмердүүлүгү:

ЖК-тин депутаты (VI чак. 2015 — а.у)
ЖК-тин депутаты (V чак. 2010 — 2015)[1]

Айнуру Алтыбаева (төр. 28-февраль 1958, Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, V жана VI чакырылыштардагы ЖКнын депутаты

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Айнуру Алтыбаева Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча, 1998-жылы ошол эле жогорку окуу жайын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Айнуру Алтыбаева 1979-1997-жылдары Ош областынын аткаруу комитетинде ар кыл кызматтарда иштеген. Ал эми 1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2006-2007-жылдары "Ата ЛТД" ЖЧКсынын директору болгон. Айнуру Алтыбаева 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консултанты, ал эми 2010-жылы "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы жана "Биримдик" Кыргызстан демократиялык партиясынын төрайымы болуп шайланган[3]. 2010-жылдын октябрь айында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары жана Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;
  • Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык иштеринин отличниги;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак граматасы, КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • «Акыйкат», «Мээримдүүлүк», «Датка айым» медалдарынын ээси[4]

Жеке Жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй бүлөлүү, эки балалуу

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Алтыбаева Super.kg жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 7 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  2. Айнуру Алтыбаева. StanRadar. Текшерилген күнү 7 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  3. Айнуру Алтыбаева. Supreme Council of Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 7 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  4. Kenesh.kg (кырг.)