Айры
Jump to navigation
Jump to search
Айры ─ айыл чарба шайманы. Аны кыргыздар учундагы иймек темирлердин санына жараша бешилик, төрт илик, үч илик деп да аташары белгилүү.
Айры чөп, саман жыйноодо, үй чарбасындагы башка жумуштарды аткарууда колдонулган негизги шаймандардын бири. Илгери жыгач айры колдонулган, темирдин кеңири таралышынан соң, темир айры колдонулуп калган.
Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк, түз. О.К. Каратаев, С.Н. Эралиев, Бишкек 2005. ISBN 9967-13-159-4