Айрытөр мөңгүлөрү

Википедия дан

Айрытөр мөңгүлөрү – Борбдук Теңир-Тоодогу төр-өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш жана Чыгыш Айрытөр Мөңгүлөрү). Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Акшыйрак суусунун оң куймасы Кайчынын алабынан орун алган. Батыш Айрытөр мөңгүсүнүн узундугу 3,5 км, аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4971 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Чыгыш Айрытөр мөңгүсүнүн узундугу 3,0 км, аянты 3,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4560 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүлөрдүн куралуу облусу кырка тоонун туу жонунда жатат. Эки мөңгү тең калың этек мореналарга ээ, алар рельефинде таштуу мөңгүнү элестетет. Мөңгүлөрдөн Кайчы суусунун сол куймасы Айрытөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004