Кайчы
Кайчы — бир нерсени кесүү үчүн шайман.
Тиричиликте колдонуучу кайчылар менен негизинен кагазды жана кездемени кесишет, ошондой эле чач жана тырмакты кыркууда да колдонулат. Ошону менен бирге эле өнөр жайда колдонулуучу кайчылар да бар, мисалы, калайды ж.б. кесүүдө колдонулат. Темир кесүүчү кайчылардын оң жана сол кесүүчү мийизи болот.
Гидравликалык кайчыларды куткаруучулар көп пайдаланышат, мисалы автоунаа кырсыгына кабылган жарандарды куткарууда.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Эң байыркы кайчылар Байыркы Римде табылган, болжолдуу жашы 3-4 миң жыл, аларды негизинен кой, эчкилерди кыркууда колдонушкан. Бул кайчылар пинцетке окшош болушкан, алардын кесүү мийизи уч жагында гана болгон. Конструкция ыңгайсыз болгону менен эки кылымдан ашуун эч өзгөрүүсүз тиричиликте колдонулуп келген.
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
Интернеттеги шилтемлер[оңдоо | булагын оңдоо]
- энциклопедиясы(жеткиликсиз шилтеме) орусча