Айсберг

Википедия дан
Айсбергдер.

Айсберг (англ. iceberg, голл. Ijsberg; ise, ijs муз, berg - тоо) - океан менен деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп калган муз тоо. Ал материк муздарынын четтеринен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Көлөмүнүн 83-90%и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орточо бийиктиги 5 мден жогору, Арктикада 70 м, Антарктидада 100 м. Узуну жана туурасы бир нече кмге жетет. Ири айсбергдер Антарктика, Канадалык Арктика аралында жана Гренландияда көп пайда болот. Айсберг деңиз катнашуусу үчүн опурталдуу (мисалы, 1912-ж. «Титаник» жана 1959-ж. «Хедтофт» кемелери айсберг менен болгон кагылышуу). Түндүк Атлантикада айсбергке байкоо жүргүзүү боюнча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1