Айым Айтбаева

Википедия дан
Айтбаева, Айым‎»‎ барагынан багытталды)
Айым Айтбаева
Туулган датасы:

1917 жыл(1917)

Туулган жери:

Кара-Кол району

Өлгөн датасы:

1975 жыл(1975)

Айым Айтбаева (1917–1975) - балдар жазуучусу. 1917-жылы Кара-Кол районуна караштуу Челпек айылында туулган. А.Айтбаева 1928 - 1929-жж. Пржевальск шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Кыргыз аялдарынын Өнөр мектебине которулат. 1930 - 1935-жж. Ленинграддагы Герцен атындагы пединститутта 3 жыл окуп, ден-соолугуна байланыштуу Кыргызстан пединститутуна которулуп, аны 1941-жылы бүтүрөт. 1948-жылга чейин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы болуп иште-ген. 1950-жылы Москвадагы КПСС БК Жогорку партиялык мектебинде окуган.

1948 - 1949-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде жооптуу редактор, 1949 - 1950-жж. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин катчысы, 1953 - 1956-жж. «Кыргызстан пионери» жана «Ленинчил жаш» гезиттеринин редактору, 1956 - 1959-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Главлиттин начальниги, 1962 - 1973-жж. «Кыргызстан аялдары» журналынын жооптуу катчысы болуп иштеген.

1936-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине А.Айтбаеванын «Кара балапан», «Биринчи мектеп» аттуу балдарга арналган аңгемелери, 1940-жылдан «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринин беттерине А.Айтбаеванын очерк, фельетондору, 1958-жылы «Турмуш чакырат» аттуу повести «Ала-Тоо» журналына чыгат. Айрым чыгармалары орус жана СССР элдеринин тилдерине которулган. 1971-жылы «Атанын жагоосу» аттуу жыйнагы эстон тилинде чыккан.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ал Кыргызстан КП БКнын, ВЛКСМ БКнын (1948, 1950), Кыргызстан ЛКЖС БКнын (1948, 1953) мүчөсү болуп шайланган.

Эл алдында сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941 - 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сырдуу коңгуроо: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 92 б.
  • Турмуш чакырат: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1960. - 198 б.
  • Атанын жагоосу: Аңгеме. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. - 40 б.
  • Торсогой: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. - 32 б.
  • Тамчы кан: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 447 б.
  • Атанын аманаты: Аңгемелер жана повесттер, тестиер балдар үчүн. - Ф.: Мектеп, 1971. - 75 б.
  • Жер астында эмне жашайт?: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1974. - 12 б.
  • Эне үмүтү: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 188 б.
  • Атанын жагоосу. - Ф.: Мектеп, 1982. - 36 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жизнь зовет: Повесть. - Ф.: Киргизгосиздат, 1962. - 144 с.
  • Таинственный колокольчик: Повесть и рассказы. - Ф.: Мектеп, 1966. - 70 с.
  • Капли крови: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 360 с.
  • Галстук отца: Повесть. - М.: Детская литература, 1969. - 95 с.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Галстук отца: Повесть. - Таллин: Ээсси Раамат, 1971. - 66 с. – эстон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]