Айткулова Айнек

Википедия дан

Айткулова Айнек (8.1.1919, азыркы Чүй облусу, Жайыл району, Сарыгоо айылы - 27.2.2001, Бишкек шаары) - тигүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1937-ж. Фрунзедеги ВЛКСМ атындагы фабрикада тигүүчү болуп иштөөдөн баштап, 1943-жылдан Октябрдын 40 жылдыгы атындагы фабрикада мастер-тигүүчү болуп уланткан. Анын агрегаты жети жылдык планды аткарып, пландан тышкары 100 миң сомдук мөөнөтүнөн мурда өндүрүм чыгарган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2-3-шайланышынын депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1