Айтмамбетов Дуйшө

Википедия дан

Айтмамбетов Дүйшө (1921, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күнчыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айылы - 1985, Фрунзе) — кыргыз тарых илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), этнограф, профессор. 1951-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1951-жылдан Кыргызстан КП БКнын аппаратында жооптуу кызматта, «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда кенже, улук илимий кызматкер, Кыргыз педагогикалык илимий-изилдөө институтунда сектор башчы, 1981-85-ж. КМУда Кыргызстандын тарыхы кафедрасында доцент, профессор болуп иштеген. Анын илимий эмгектери Кыргызстандын революцияга чейинки салттуу маданиятын изилдөөгө арналган. 130дан ашык илимий эмгектин автору. Эмгектери: Развитие культуры киргизского народа во второй половине 19 и начале 20 вв. Ф., 1967; Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1963, 1968.
Партиялык кызматтарда иштеген. Кыргыз Илимдер академиясында, Кыргыз Педагогика институтунда эмгектенген.
Анын илимий изилдөөлөрү төңкөрүшкө чейинки маданияттын өнүгүү проблемаларына, мектеп, билим берүү тарыхына арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.
  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]