Айтылыштар

Википедия дан

Айтылыштарматематикалык логиканын түшүнүгү; ал мындай же тигиндей баалоо боюнча чындык мааниси менен бирге каралган кандайдыр бир табигый тилдеги сүйлөмдү белгилейт. Кандайдыр бир айтылыштын мазмуну чын болсо, анда бул айтылыш — чын, ал эми айтылыштын мазмуну болгон ой жалган болсо, анда берилген айтылыш — жалган болот. Мисалы: «кой — бодо мал», «11 — так сан» сүйлөмдөрү айтылыштар болуп эсептелет. Биринчинин чындык мааниси жалган, б. а. «жалган айтылыш»; экинчисиники — чын, б. а. «чын айтылыш». Айтылыштар логикасында айтылыштын маанисинде кадимки оозеки же жазуу сүйлөмдөрүнө мүнөздүү болгон ойлорго көңүл бурулбайт. Айтылыш же чын, же жалган деген гана көз карашта каралат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004