Айтылыш (орфоэпия)

Википедия дан

Айтылыш (орфоэпия) – ар бир конкреттүү тилдеги тыбыштардын артикуляциясындагы өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы.

Туура адабий Айтылыш – тилдин орфоэпиялык нормаларына ылайык келген Айтылыш Адабий Айтылыш тилдин фонологиялык системасына, б.а., фонемалардын инвентарына, алардын дистрибуциясынын, алмашууларынын, тизмектешүүлөрүнүн эрежелерине көз каранды болот.

Туура Айтылыш оозеки кепти тезирээк кабыл алууга өбөлгө түзүп, адамдар ортосундагы баарлашууну жеңилдетет; ал эми туура эмес Айтылыш кепти кабыл алууда тоскоолдук жаратуу менен, угуучунун көңүлүн алагды кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4