Фонема

Википедия дан

Фонема - тилдин тыбыштык системасынын майдаланып бөлүнбөй турган эң кичине жана типтүү бирдиги, бул бирдик сөздөрдү жана морфемаларды бири-биринен ажыратуу, айырмалоо милдетин аткарат. Фонема жөнүндөгү окуу фонология деп аталат. Бул илим XIX к. 70-жылдары орус окумуштуулары И.А.Бодуен де Куртене жана И.В.Крушевский тарабынан негизделген Тыбыш менен фонема өз ара тыгыз байланыштуу. Фонема да тыбыш сыяктуу тилдин материалдык бирдиги болуп саналат.. Анткени, бир эле тыбыш биздин сүйлөө речибизде түрдүүчө болуп айтыла берет. Мисалы, кыйык жана кийик деген эки сөздүн ар биринин башында жана аягында колдонулган [кь] жана [къ] тыбыштарынын ар бири өз алдынча фонемалык касиетке ээ эмес, б.а. фонема - бул тилдеги тыбыштардын белгилүү даражада жалпылаштырылган негизги тиби.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]