Айшабүбү күмбөзү

Википедия дан

Айшабүбү күмбөзү - орто кылымга (12-к.) таандык архитектуралык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурунку Жамбыл) шаарына жакын жердеги Айшабүбү айылында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-ж. В. А. Каллаур, кийин 1938-39-ж. А. Н. Бернштам, 1953-ж. Казакстан ИАнын археологиялык тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (казанбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыштан курулуп, маңдай жагы ар кандай айбанаттардын сүрөттөрү жана оймо-чиймеленген жазуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү тарыхый инсан - Карахандын аялы болгондуктан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маалыматтар да бар. Айшабүбү күмбөзү Казакстан Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамлекеттик корукка алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1