Айшвария Рай

Википедия дан
Айшвария Рай
хинди ऐश्वर्या राय
Калып:Lang-tcy
англ. Aishwarya Rai

Айшвария Рай 2015-жылы «Jazbaa» тасмасынын ачылышында
Төрөлгөндөгү ысымы:

Айшвария Кришнараж Рай

Туулган датасы:

1 -ноябрь 1973(1973-11-01) (50 жаш)

Туулган жери:

Мангалур, Карнатака, Индия

Жарандыгы:

 Индия

Кесиби:

актриса, Калып:Фотомодель/кат

Карьерасы:

1997—2010,
2015 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Адабият жана Көркөм өнөр орденинин офицери (Франция)

IMDb:

ID 0706787

aishwarya-spice.com

Айшвария Рай Баччан (Калып:Lang-tcy [əjɕʋərjaː rəj], хинди ऐश्वर्या राय, англ. Aishwarya Rai Bachchan; төр. 1-ноябрь 1973, Мангалур, Карнатака, Индия) — индиялык фотомодель жана актриса, негизги тартылган багыты хинди тасмалары. «Дүйнө сулуусу» сынагынын 1994-жылдагы жеңүүчүсү. 2009-жылы Индиянын «Падма Шри» мамлекеттик сыйлыгын алган [1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айшвария Рай - 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Атасы Кришная Рай – деңиз флотунун офицери, апасы – Вринды Рай жазуучу. Айшвариянын ата-энеси өздөрү турган шаарда абройлуу, интеллигент адамдардын катарына кирет. Ошондон улам кызы Айшварияга жана агасы Адитией Ашга жакшы тарбия, жогорку билим берүүнү көздөшкөн. Айшвария мекенинде Эш деген ысым менен таанымал. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Өзгөчө өзү жашаган аймактын балдары Айшвариянын аркасынан ээрчип алышып, анын көңүлүн бурдурууга аракет кылышчу. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, ою ишке ашкан эмес. Ошентип, ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишет. Колледждеги кыздардын арасынан табият тартуулаган сулуулугу менен өзгөчөлөнүп турса да, өзү менен катарлаш кыздарга окшоп модель болуу үчүн кастингдерге катышкан эмес. Болгону, көздүн жоосун алган келишимдүү, келбеттүү жөнөкөй индия кызын моделдик агенствонун өкүлдөрү байкап калышат да, модель болуу сунушун киргизишет. Балдарын катуу тартипте кармаган ата-эне эмнегедир кызынын моделдик карьераны аркалоосуна каршы чыкпайт да, Эш модельдикке макулдугун берет. Аз убакыттын ичинде эле “Пепси”, “Кока-Кола”, “Лореал” өң­дүү фирмалардын рекламалык роликтерине тартылып, Айшвария модель катары тааныла баштайт. Кө­гүш көз­дүү индия моделине көзү түшкөн­дөр­дүн саны да көбөйөт. Ош­ен­тип, Айшварияга ийгиликтин эшиги ачылат.

Дүйнө сулуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айшвария 21 жашында, тагыраак айтканда, 1994-жылы “Индия Сулуусу” конкурсунун жеңүү­чүсү болуп табылат. Ошол эле жылы Индия кыздарынан айырмаланган сымбаттуулугу менен ал “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болот. “Дүйнөлүк сулуу” болуп индия кызы табылганы көпчүлүктү таң калтырат. Ошентип, өзгөчө сулуулугу менен Айшвария Рай түркүн элден келген сулуу кыздардан бөлүнүп чыгууга жетишет. Дал ошол конкурсту өткөргөн Ричард Стеинметс деген киши дүйнөлүк сулуу айымды колдон чыгарбоо максатында анын колун сурайт. Бирок, жаңы гана жылдызы жанып келаткан Айшвария турмушка чыгуу жөнүндө ойлобой, карьераны биринчи орунга коюп, сунуштан баш тартат. Эми Айшварияга модельдик агенстволордон гана эмес, белгилүү индия кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштайт. Кино тармагында да өзүн сынап көрүү үчүн Айшвария киного тартылууну чечет.

Ийгидиксих тартыдган кино[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылы Айшвария алгач тартылган “Ирувар” деген кино ийгиликсиз тартылгандыктан, сынчылардын арасында сын-пикирди, талашты жараткан. Ролду ачып бере албагандыгына байланыштуу сынчылар: “Модель актриса болуп роль жарата албайт” деген чечимге келишкен. Бирок, продюсерлер, режиссёрлор: “Мындай сулуулук жөн гана көмүскөдө калуусу мүмкүн эмес” дешип, Айшварияга дагы бир мүмкүнчүлүк беришет. Кандай гана аракет менен роль жаратпасын, жаш актрисанын шагын сынчылар кайра эле сындырганга аракет кылышат. Бул намысына катуу тийгенби же жакшы даярдык көргөнбү “Навеки твоя” деген кинодо сүйүүнүн азабын тарткан байкуш кыздын ролун ийине жеткире аткарат. Ошентип, Айшвария модель дагы, актриса дагы боло алаарын далилдейт. Аталган кинодо “Мыкты аялзаттын образы” деген номинацияга татыктуу болот. 2001-жылы “Любовь в награду” деген кинодо жараткан ролу үчүн “Мыкты актриса” деп табылат. 2002-жылы Айшвария тартылган “Девдас” деген кино эң ийгиликүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Мындан тышкары, актриса Шакрук Хан, Салман Хан өңдүү индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылат. Өзгөчө Салман Хан менен бирге тартылган киносу ийгилик алып келет. Журналисттер Салман Хан менен Айшвария Райды “индия киносундагы жарашыктуу түгөйлөр” деп атоого дейре жетишет. Ушул эле кино “Мыкты кино”, “Мыкты режиссёр”, “Мыкты актриса”, “Мыкты музыка” деген наамдарга татыган.

Болливуд жылдызы Голливудда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индиядагы ири киноборбор “Болливуд” деп аталып келет. Бул киноборбор Бомбейде жайгашкандыктан, индиялыктар “Бомбей” жана “Голливуд” деген сөздөрдөн улам “Болливуд” деп атап алышкан. Ошондон улам индия киножылдыздары “Болливуд жылдыздары” деп аталышаары айтпасак да белгилүү болсо керек. Мыкты ролдорду жараткандан кийин Болливуд актрисасы Айшварияга америкалык режиссёрлор да көз арта башташат. 2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха актрисага роль сунуштайт. Бул актрисанын тилеги эле. Анткени, Голливудду багынтуу анын максаттарынын бири болуп келген. Ошентип, Айшвария биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан “Любовь и предрассудки” деген кинодо роль жаратат. Аталган фильмден кийин актрисаны “Hello Magazine`s” аттуу журнал дүйнө жүзүндөгү жагымдуу жүздүү аялдардын катарына кошот. Мындан тышкары, популярдуу америкалык журналдардын беттеринен актрисанын сүрөттөрү орун алат. Ошондой эле Голливуд сулуусу Жулия Робертс Айшварияны “дүйнөдөгү эң сулуу айым” деп атайт. Мындан тышкары, Айшвария америкалык телеканалдардан чыга баштайт. Белгилүү актёр Майкл Дуглас да Айшвария менен киного тартылууну каалаганын айткан. Француз режиссёру Колин Серо өзүнүн “Хаос” деген тасмасына тартылууга чакырган. Учурда Айшвария Голливуддун кымбат актрисаларынын катарына кирет. Анын бир киного тартылган гонорарынын суммасы болжол менен 15 миллион долларды түзөт. Актрисанын катышкан кинолорунун саны 40ка чамалайт.

Сүйүйдөн жаңылуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк кыздардын сүймөнчүгү болуп келген индия актёру Салман Хан Айшвария Райдын жүрөгүн багынтууга жетишет. Экөөнүн ортосундагы мамиле “Навеки твоя” деген киного чогуу тартылгандан кийин күч алган. Алгач эки жылдыз жашыруун жолугушуп жүрүшкөн. Бирок, кийинчерээк ачыкка чыгышкан. Эки киножылдызын эл кош жылдыз катары санай баштаган. Эң өкүнүчтүүсү, дүйнөлүк сулуу айым сүйүүдөн жаңылганын ал учурда сезген эмес. Салмандын кызганчаак экенин Эш кийин гана билет. Кызганычтан улам экөөнүн ортосунда келишпестиктер чыккан. Баарынан Айшвариянын ата-энесинин “кызыбызды Салманга бербейбиз” дегени актёрдун кыжырын келтирип, ал сүйгөнүн сабап салат. Ошондон кийин актриса ал менен түзгөн келишимдеринен баш тартат. Буга ого бетер кыжырланган Салман анын машинасын талкалап, өзүн “өлтүрөм” деп коркуткан. Жүрөгү түшкөн актриса милицияга кайрылган. Ошентип, сотто расмий түрдө “Салман Айшварияга жакын жолобосун” деген чечим чыгарылган. Турмуштун чоң сыноосун башынан өткөргөндөн кийин Айшвария өзүн толугу менен киного арнаган.

Айшвария Рай 2011-жылы

Бакытка кезигүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк сулуу учурда чындап сүйүүгө жолуккандыгы байкалат. Анткени, Айшвария Рай жакында Абхишек Баччан деген актёрго турмушка чыкканы жатканы маалым болду. Үйлөнүү тою тууралуу сүйүшкөн­дөр­дүн ата-энелери жолугушуп, актрисанын резиденциясында сүй­лөшүшкөн. Актрисанын болочок жолдошунун атасы Амитабх Баччан учурунда Болливуддун популярдуу жылдызы болгон. Ал эми Абхишек бир топ индия кинолорунда роль жаратып келет. Өткөн жылы британиялык бир басылма Абхишек Баччанды “Азиянын эң сексуалдуу эркеги” деп атаган. Эки атактуу киножылдыздарынын үйлөнүү тою качан болоору так белгилене элек.

  1. My family is happy for Aishwarya: Big B (en), The Indian Express (26 January 2009). Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2014.