Айыл чарбаны коллективдештирүү
Айыл чарбаны коллективдештирүү - СССР деги — Совет бийлигинин СССРде социализмди куруу планынын бир бөлүгү айыл чарбаны коллективдештирүү жеке чарбаларды жоюу менен дыйкандарды кооперативдерге, айыл чарба артелдерине (коллективдүү чарбага, колхоздорго) бириктирүүнүн негизинде ири чарбалардын товар өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарбада мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу жана оокаттуу дыйкандардын арасындагы «айылдык буржуазия - кулактарды» эзүүчү тап катары жоюу максатын көздөгөн жана биринчи беш жылдык планды аткаруу жылдарында (192933) репрессиялоо, күч колдонуу ыкмалары аркылуу ылдамдатылган темп менен жүргүзүлгөн. 1929-ж. И. Сталин айыл чарбасында «туташ коллектпвдештирүү» ураанын жарыялаган. Коллектпвдештпрүү өтө талаш-тартыштуу, карама-каршылыктуу натыйжаларды берген. Айыл чарба толугу менен мамлекеттик көзөмөлгө алынып, колхоздордун өндүргөн эгини эң төмөнкү баада сатып алынган жана өлкөнү индустриялаштыруу максатында өнөр жай жабдууларын алууга Батыш өлкөлөрүнө экспорттолгон. Дыйкандар өздөрүнүн жеке чарбасында өндүргөн артыкбаш эгинин эркин сатууга тыюу салынып, аны мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршылык көргөзгөндөр кулак деп жарыяланып, мүлкү толугу менен конфискацияланган жана сот жообуна тартылган. Жалпысынан, миллионго жакын үй-бүлөлөр кулакка тартылган. Анын жыйынтыгында колхоздордун продукция өндүрүмдүүлүгү төмөндөгөн, колхозчулар дээрлик эмгек акы алышкан эмес, өзгөчө мал чарбасы катуу жапа чеккен. Колхоздоштуруу алыскы аймактарда оор кесепеттерге алып келген. Элет калкы анын маанисин толук түшүнө электе жана тиешелүү өкмөттүк дотацияларга негизденбей, күчтөп жана ыкчам жүргүзүлгөн колхоздоштуруунун айынан 1932-33-ж. өлкөнү ачарчылык каптаган. Украинада, Түндүк Кавказда, Волга боюнда, Казакстанда ж. б. райондордо башгалган массалык ачарчылыктын кесепетинен 3-10 миллион адам каза болгон. Бүткүл өлкөдөгүдөй эле, Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин мамлекеттештирилген жерлерде алгачкы коллективдүү чарбалар уюштурула баштаган. Айыл чарбаны коллективдештирүү иш чаралары көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу менен катар бир мезгилде жүргүзүлгөн. Калкты отурукташтыруу Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн жер-суу реформаларынын жүрүшүндө эле башталган. Ага карабастан 1930-жылдын башында республикада 85 миң чарба көчмөн абалда калган. Отурукташтыруу максаты коллективдештирүү саясаты менен коштолуп, жаңыдан отурукташа баштаган эл зордук менен колхоздорго киргизилген. 1925-жылдын октябрына карата 232 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, аларга 21,8 миң адам мүчө болуп кирген. Туташ коллективдештирүүнүн негизинде 1931-ж. коллективдүү чарбалардын саны 1500гө жеткен. Кооперация кыргыздардын турмушунда тыштан трактор ж. б. жаңы технпкаларды жана каржылык жардамдарды шериктешип алып келип, айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Бирок, коллективдештирүүнүн жүрүшүндөгү мамлекеттик зордук-зомбулуктун күчөшү, айыл чарбасын, өзгөчө мал чарбасын бүлгүнгө учураткан. Колхозго малын бергиси келбегендер массалык түрдө союп же сатып жок кыла баштаган. Натыйжада, 1930-ж. бодо малдын саны 24,4%, жылкы 18,5%, кой-эчки 15,5% кыскарган. Эгинди конфискациялоонун натыйжасында жазгы үрөндүк эгин калбай калган. Башка аймактардай эле Кыргызстанда да ачарчылык башталган, бирок негизинен мал чарбасы менен алектенген көчмөн кыргыздарда коңшу элдердегидей чоң жоготуулар болгон эмес. Ушундан улам абал оор болгон Казакстандан жана Сибирден жарым млндой ачка качкындар Кыргызстанга келип башпаана табышкан. Жалпысынан көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу жана коллективдештирүү Улуу Ата Мекендик согушка чейин аяктаган. Айыл чарбаны коллективдештирүү жана отурукташтырууда кетирилген олуттуу катачылыктарга карабастан, прогрессивдүү мааниге ээ болгон. Совет бийлигинин жардамы менен Кыргызстанда туруктуу айыл-кыштактар, чарбалык борборлор пайда болуп, аларда түрдүү агартуу мекемелери, мектептер, турмуш-тиричилик ишканалары курулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1