Айыл чарбасын адистештирүү

Википедия дан

Айыл чарбасын адистештирүү - эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн бир түрү. Ал өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарыл шарты болуп эсептелип, илимий-техникалык прогресске, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын өз ара шайкеш, ийкемдүү болушуна, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө жана тигил же бул аймактын табигый-климаттык шарттарына байланыштуу. Адистештирүүнүн деңгээли жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинде басымдуулугу же негизги товардык продукция, айдоо аянтынын структурасы ж. б. көрсөткүчтөр менен аныкталат. Адистештирүү аймактык, тармактык жана чарбалык болуп бөлүнөт. Аймактык адистештирүү - айыл чарбасында коомдук эмгектин аймактар боюнча бөлүнүшү же бир аймакта айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүнүн басымдуу өндүрүлүшү жана товардык продукцияда анын басымдуулугу. Тармактык адистештирүү - коомдук эмгектин тармактар боюнча, ар бир тармак ичинде да бөлүнүшү. Чарбалык адистештирүү - тигил же бул чарба жүргүзүүчү субъектте айыл чарба тармактарынын айрым түрүнүн басымдуу өнүгүшү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1