Айыл чарбасын механикалаштыруу

Википедия дан

Айыл чарбасын механикалаштыруу - айыл чарба өндүрүшүндө трактор, комбайн ж. б. машинелерди жана шаймандарды колдонуу жолу менен кол эмгегин механикалаштыруу процесси. Мында жер кыртышын терең айдоо, бир эле убакта үрөн себүү жана жер семирткич чачуу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу ж.б. жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгү 5-6 эсе өсүп, күч жумшоо 4 эсе төмөндөйт. Айыл чарба өндүрүшүндө асма машиналары жана шаймандары чиркеме машиналарга караганда көп колдонулат. Анткени асма машиналар жеңил келип, колдонууга ыңгайлуу. Мында тартуу күчү аз талап кылынат жана агрегат тез-тез бурулуп иштөө кыймылы жогору. Натыйжада күйүүчү май 10-15%ке аз сарпталат. Айыл чарбасын механикалаштыруунун теориялык жана эксперименттик негиздерин орус илимпозу Васхнилдин акад. В. П. Горячкин биринчи болуп түзгөн. Тоют даярдоодо тоют иштетүүчү, таратуучу жана сапатын текшерүүчү өзү жүрмө машиналар колдонулат. Механикалаштыруунун эң жогорку түрү - айыл чарба өндүрүшүн автоматташтыруу менен катар электрондук-пландоо ж. б. эсеп-кысап иштери да механикалаштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1