Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду

Википедия дан

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду - мамлекеттик менчик жерлерден түзүлгөн, айыл чарбасына жарактуу жер участкалары. Фонддун жерлери мамлекеттин менчигинде гана болот. Фонддон пайдалануучуларга эреже катары, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана берилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамлекеттик атайын орган менен макулдашуу боюнча айылдык, шаар кеңештердин аткаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатылбайт, жер участкаларынан КРнын жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча Өкмөт бекиткен чечимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1