Айыл чарба кооперациясы

Википедия дан

Айыл чарба кооперациясы - айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн экономикалык ж. б. керектөөлөрүн канааттандыруу максатында өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн акчалай бааланган алардын мүлктүк, үлүштүк мүчө акыларын бириктирүүнүн негизинде уюшулган ыктыярдуу бирикме. Кооператив ыктыярдуу негизде түзүлөт жана мүчөлөрүяүн саны жетиден кем болбоого тийиш. Анын мүчөлөрүнүн жер үлүшү өз менчигинде калат жана кооперативге ижарага гана берилүүгө тийиш, ошондой эле мүчөнүн үлүштүк акысы кооперативдин фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, айыл чарба техникасы, акчалай наркы бар башка мүлктөрүн кошууга болот. Кооператив ишинин түрүнө жараша өндүрүштүк, кайра иштетүүчү ж-а сервистик болуп түзүлүшү мүмкүн. Өндүрүшгүк кооперативде айыл чарба продукциялары биргелешип өндүрүлөт. Кайра иштетүүчү кооперативде айыл чарба продукциясы кайра иштетилип, жаңы азык-түлүк алынат. Сервистик кооператив айыл чарба продукцияларын сатуучу, ошондой эле аны сактоо, сорттоо, таңгактоо, кургатуу, жууп-тазалоо, бөлүштүрүү, ташуу, мелиорациялык, унаа менен камсыздоо, курулуш, ветеринардык жактан тейлөө, жерсемирткичтерди жана химикаттарды колдонуу боюнча иштерди, илимий-консультациялык, маалыматтык, маркетингдик ж. б. кызматтарды аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1