Айыл чарба машиналары

Википедия дан

Айыл чарба машиналары - айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк ж-а мал азык-түлүгүн алууда, даярдоодо, ошондой эле суу ж-а мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуштарын аткарууда колдонулуучу техникалык каражаттар. Аларды куруу 19-к-дын башында Англияда, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20-к-дан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655-ж. орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев жана М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759-ж. И. Ползунов буу кыймылдаткычын ойлоп тапкан. 1844-ж. И. Кобыленский картөшкө жыйноочу машинаны жасаган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном А. Власенко (1868), ал эми 1871-ж. Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Биринчи казтамандуу тракторду Ф. Блинов ишке киргизген (1888). Азыркы учурда айыл чарбада жөнөкөй курал-шаймандан баштап тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык-маалыматтык технологиялар колдонулууда. Алар айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалашгыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой жана талаачылык, токой өстүрүү багытында түзүлөт. Айыл чарба машиналары арналышы боюнча топурак иштетүүчү, үрөн себүүчү жана көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыянкечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп-жыйноочу жана иштетүүчү, жүгөрү, жашылча, азык тамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жыйноочу, сугат жана мелиорация тармагында, токойчулукта, мал чарбасында колдонулуучу машиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу айыл чарба машиналары жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, канткызылчасы менен жүгөрү жыйноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаштыруучу машиналар жана жабдуулар кирет. Айыл чарба машиналары - энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер жана жылуулук берүүчү кыймылдаткычтар) жана технологиялык комбайндар, жер иштетүүчү машиналар жана механизмдер болуп эки багытта иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1