Айыл чарба метеорологиясы

Википедия дан

Айыл чарба метеорологиясы, агрометеорология - метеорологиялык кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш жөнүндөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуулугу менен температурасы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метеорологиялык шарттар айыл чарба өндүрүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан айыл чарба метеорологиясы айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агрометеорологиялык прогноздоо жолдорун белгилеп, өндүрүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор метеорологиялык станцияларда жана постордо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1