Ай жана планеталардын жасалма жандоочулары

Википедия дан

Ай жана планеталардын жасалма жандоочулары - Ай жана планеталардын атмосферасын, бетин жана жалпы түзүлүшүн, ошондой эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн илимий-изилдөө максатында учурулган космос аппараттары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандооч чыгарылган асман телолорунун бири - Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу - «Луна-10» автоматтык станциясы 1966-ж. 31-мартта учурулган. Ал маалымат берүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971-ж. Ай жана планеталардын жасалма жандоочусу. «Моринер-6» космос кемеси учуруу алдында. Марс менен Жердин улуу тогошуу мезгилинде советтик эки космос зонду «Марс-2» (19-майда), «Марс-3» (28-майда) жана америкалык Космос зонду «Маринер-9» (31-майда) учурулган. Айга 1980-ж. чейин 14 жасалма жандоочусу жеткирилген. Башка планеталардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1