Мазмунга өтүү

Академиялык басылма

Википедия дан

Академиялык басылмажазуучулардын бардык чыгармаларынын жана алардын ар кандай варианттарынын комментарийлер менен жабдылган толук басылышы. Мындай басылыш белгилүү окумуштуулар тарабынан же алардын катышуусу менен ишке ашырылат. Текст сунуш кылууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан ж-а башка редакцияларынан пайдаланылат. Академиялык басылмада текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий-маалыматтык аппарат менен коштолот. Мындай басылыштан бардык илимий аталыштагы эмгектер чыгарылат (мисалы, С. Каралаев менен С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1