Академиялык эркиндик

Википедия дан

Академиялык эркиндикжогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча укуктар; билим берүү жана илим изилдөө жагында инсанга берилген спецификалык укуктардын жана эркиндиктердин топтому; профессорлорду жана ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы административдик бийликтин кийлигишүүсүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар составына, илимий кызматкерлерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет:

  • – предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көзкарашы боюнча түзүү, илим изилдөө темаларын тандоо, аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү;
  • – студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө жана муктаждыктарына карата билим алуусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97