Студент
Студент (лат. studens-окуучу) – жогорку, орто (кээ бир мамлекеттерде) окуу жайларынын окуучулары.
ХI кылымда университеттер уюшулгандан тартып, андагы окуучуларды (алгачкы учурларда окутуучуларды да) студент деп айтышкан. Окутуучулар үчүн илимий наам киргизилгенден кийин Студент – окугандарга гана колдонулуп калган. ЖОЖда окугандар – Студент, атайын орто окуу жайында – окуучу, аскер окуу жайында – курсант, академиядагыларда – угуучу аталат. Биздин мамлекетте башка шериктеш мамлекеттер м-н бирге эле 17-ноябрь Студенттердин Эл аралык күнү деп бүгүнкү күнгө чейин белгиленип жүрөт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6