Акбай
Акбай — "Манас" эпосундагы кейипкер, Жайдардын уулу, балбан. Көкөтөйдүн ашында Жолой менен күрөшкө балбан тандап Кошой «оюлган кара кашы бар, он жетиде жашы бар» А-га да келет. Ал макул болот, бирок, «балтыр этиң толо элек, балбан кезиң боло элек» (Сагымбай Орозбаков, 3. 193),— деп күрөшкө чыгарбай коёт. А-дын балбандыгы Жолойду жыккан алп Кошойду көтөрүп кеткендигинен (Сагымбай Орозбаков, 3. 227) даана көрүнөт. Чоң казатта кыргыз баатырларынын катарында эскерилет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|