Акбай

Википедия дан
Акбай, эпос каарманы‎»‎ барагынан багытталды)

Акбай"Манас" эпосундагы кейипкер, Жайдардын уулу, балбан. Көкөтөйдүн ашында Жолой менен күрөшкө балбан тандап Кошой «оюлган кара кашы бар, он жетиде жашы бар» А-га да келет. Ал макул болот, бирок, «балтыр этиң толо элек, балбан кезиң боло элек» (Сагымбай Орозбаков, 3. 193),— деп күрөшкө чыгарбай коёт. А-дын балбандыгы Жолойду жыккан алп Кошойду көтөрүп кеткендигинен (Сагымбай Орозбаков, 3. 227) даана көрүнөт. Чоң казатта кыргыз баатырларынын катарында эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]