Мазмунга өтүү

Акбар Рыскул

Википедия — ачык энциклопедия
Акбар Рыскул
Туулган датасы:

4 -апрель 1953(1953-04-04) (72 жаш)

Туулган жери:

Кемин району, Чым-Коргон айылы

Акбар Рыскулов — акын жана жазуучу.

Акбар Рыскул 1953-жылдын 4-апрелинде Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган[1].

Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинде корректор болуп баштаган. Андан кийин аталган гезитте котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1986-жылы редактор болуп дайындалган.

1983–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген. Ошондой эле «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы кызматын аркалаган. 1987-жылы Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы болуп иштеген.

1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1993-жылы «Кыргызкабар» Мамлекеттик маалымат агенттигинин директору, 1995-жылы Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинин Ишенимдүү Өкүлү, ал эми 1996-жылдан 2001-жылдын августуна чейин Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчи болуп кызмат өтөгөн.

2001-жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, 2004-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп дайындалган.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын алгачкы поэтикалык жыйнагы — «Көгүчкөндөр бийик учушат» — 1975-жылы жарык көргөн.

Акын И. Мазниндин, Л. Левчевдин, Хо Ши Миндин, И. Гетенин ж.б. авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1983-жылы жарык көргөн «Мезгил жебеси» поэтикалык жыйнагы жана «Күрөө тамыр» поэмасы Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгына ээ болгон.

А. Рыскулов — Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталарынын ээси. Ошондой эле ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана Казакстандын «Маданият кызматкери» наамдары ыйгарылган.

Анын чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис жана хинди тилдерине которулган.

Ал 1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1979-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. 1982-жылы Фрунзеде өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаш жазуучуларынын IV Эл аралык жолугушуусуна катышкан.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

  • Көгүчкөндөр бийик учушат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 40 б.
  • Мезгил жебеси: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 80 б.
  • Үч кайнар: Поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 156 б.
  • Көч: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1987. – 120 б.
  • Найм-найм боорсок: Ырлар. – Б., 1991. – 12 б.
  • Кудурет: Тандалма ырлар жана поэмалардын жыйнагы. – Б.: Бийиктик, 2003. – 482 б.

Орус тилинде:

  • Колеса и кони: Стихи и поэмы. – Ф.: Адабият, 1989. – 118 с.

Казак тилинде:

  • Кош: Өлеңдер мен поэмалар. – Алматы: Жазушы, 1996. – 144 б.
  • Астана аспаны: Өлеңдер мен поэмалар. – Астана: Фолиант, 2001. – 148 б.

Котормолору:

  • Мазнин И. А. Айткылачы булуттар: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 15 б.
  • Хо Ши Мин Чань. Тандалган ырлар /Которгондор: А. Рыскулов, Т. Разаков. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 159 б.
  1. РЫСКУЛОВ Акбар (орусча). centrasia.org. Текшерилген күнү 26 Апрель 2025. Түп булактан архивделген күнү 5 -февраль (бирдин айы) 2024.