Акбуура, уруу

Википедия дан
Акбуура, урук‎»‎ барагынан багытталды)

Ак буура - баргы, солто урууларынын курамындагы уруктар[1]. Басыз уруусунун аскердик урааны “ак буура” деп чакырылгандыгы маалым.

Ак буура - “тукумдатуучу төө” маанисин берет[2]. Тотемдик термин ( “буура-бугра-богра”). Этноним байыркы доордогу ыйык жаныбар катары сыйынышкан төөгө байланыштуу келип чыккан. Төөнүн тотем-жаныбар катары ишенимдин калыптанышын, анын көчмөндөр турмушундагы ролун таанымал иликтөөчүлөр Л .П . Потапов (1935, 135), М. Боргояков (1975, 58) өз изилдөөлөрүндө кенен токтолуп өтүшөт. Түштүк Сибирдин түрк жана монгол тилдүү элдеринде башка жаныбарлардын аталышын да түшүндүрөт. Мисалы, монгол, якуттардын тилдеринде “бур + а ” - бугу, сойоттордо -багыш, ал эми алтайлыктарда (алтай кижилер) курмандыкка чалынуучу жаныбарды туюнтат[3].
Караханийлер дөөлөтүндө төөнүн мамлекеттик деңгээлдеги тотем-жаныбар болгондугун ырастаган далилдер бар[4]. Мындан сырткары, ушул мамлекетте Буура-хан (Богра-хан) титул катары жогорку бийлик мансабын да билдирген. С. М. Абрамзон солтонун курамындагы ак буура уругун адигине уруулук тобунан келип киргендигин белгилейт.Ак буура уруусу жашаган аймактар Өзгөн,Алай,Токмок [5].

Кошумча кар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 106
  2. КТТС , 1984, 198
  3. Вяткина, 1933, 50
  4. Бартольд, 1963, 505; Караев, 1975, 177-178
  5. Абрамзон, 1960, Т.1У, с.24

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2