Акбуура шаар калдыгы

Википедия дан

Акбуура шаар калдыгы - биздин замандын 1-2-кылымына таандык археологиялык эстелик. Акбуура суусунун сол өйүзүндө, Ош шаарынын түштүк четинде жайгашкан Акбуура шаар калдыгы биздин замандын алгачкы кылымда Ош оазисин жортуулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Алгач A. Н. Бернштам (1941), кийин Б. Аманбаева 20-кылымдын 90-жылдарында изилдешип, Ош шаарынын тарыхы жана маданиятына тиешелүү ар кандай буюмдарды табышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1