Акваланг

Википедия дан

Акваланг - (латынча agua - суу, англисче lung - жеңил) - адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат. 1943-жылы француз Ж. И. Кусто менен Э. Ганьян ойлоп чыгарган. Кысылган абалуу баллондон жана дем алдыргыч аппараттан турат. Көбүнчө суу астындагы спортто, чөгүп бараткандарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, техникалык жумуштарда, балык уулоодо жана башкаларда колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгизгендиктен, аны менен 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1