Аквариум

Википедия дан
Аквариум.

Аквариум.

Тик бурчтуу формадагы(узундугу30-150 см, туурасы жана бийиктиги 15-50 см) металл каркаска цемент жана жылчыксыз бекитилген айнек аквариум, ошондой эле органикалык аквариум кеңири таралган.

Балыкты аквариумда кармоонун негизги шарты- сууда кычкылтектин жеткиликтүү болушу.

Аквариумдагы суу анча терең болбой, үстүңкү бети жайык болсо сууда кычкылтек көп болот.

Аквариумга балыктын же бир райондогу(географиялык принцип), же чөйрөсү бирдей шарттагы (биологиялык принцип) түрлөрүн тандап алат. Муздак сууда жашоочу балыкты - жылуу суудагылардан, жырткычтарын - жырткыч эместеринен бөлүп кармоо сунуш кылынат.

Суусу муздак аквариумда балык аз болсо, балыкка жакшы шарт түзүлөт. 5см узундуктагы ар бир балыкка 5л суу туура келет. Мындай аквариумдун суусун чыпкалап, аба киргизип туруу керек. Үй шартында суусу муздак аквариумга караганда суусу жылуу аквариумдун режимин түзүү оңой.

Ошондуктан тропик балыктары аквариумда көбүрөөк өстүрүлөт. 5см узундуктагы бир балыкка 2л суу туура келет. Муздак сууда жашоочу балыктарга аквариумдагы суу жылытылбайт (жайкысын кээде муздак суу кошумчаланып турат.

Тропик балыктарында суунун температурасы 19-27°С болууга тийиш.

Суунун бир нече градуска төмөндөшү балыктардын ооруп калышына себеп болорун эске алып, жылуулук жөндөгүчтүү жылыткычты пайдалануу керек.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]