Акелеев Такин

Википедия дан

Акелеев Такин (1931, Суусамыр кыштагы - 2005, Кант) - Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим.

  • Фрунзе шаарындагы мамлекеттик мугалимдер институтун (1952) жана Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн (1957; сырттан окуган).
  • Эмгек жолун өзү билим алган Сары-Булак мектебинде мугалим болуп баштаган.
  • 1964-ж. Кенес Анархай орто мектебине окуу тарбия башчысы, 1970-жылдан ошол эле мектепте,
  • 1972-ж. Кант районунун III интернационал орто мектебинде, 1974-жылдан Кенес-Анархай орто мектебинде директор, 1976-88-жылдары Кант районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • СССРдин «Ардак Белгиси» ордени(1981), «Эмгектеги каармандыгы» (1970), «Эмгек ардагери» (1985) медалдары менен сыйланган.
  • СССРдин эл агартуусунун отличниги наамынын ээси (1974).
  • Ал 1988-жылдан Кант районундагы Киршёлк кыштагында Ооганстандан келген жетим балдар үчүн уюштурулган жатак мектепти жетектеген.
  • Ооганстан мамлекетинин бир нече сыйлыктарын жана «Афган» медалын алган.
  • Кант райондук кеңешинин бир нече жолу депутаты болуп шайланган.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9