Акенеев Жумакадыр

Википедия дан

Акенеев Жумакадыр - (22.1.1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Улахол совхозу) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1998), КРнын эмгек сиңирген экономисти (1996). Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн (1976). Ошол эле институтта окутуучу, айыл чарба экономикасынын ИИИнда сектор башчы, КРнын Улуттук статкомитетинин председатели, КРнын Айыл жана суу чарба министри, 2002-жылдан КМУУнун профессору. Айыл чарба экономикасын изилдөө боюнча адис. 70тен ашуун илимий иштери жарыяланган. Негизги эмгектери сугат жерлерди үнөмдүү, натыйжалуу пайдалануу жана рынок экономикасынын маселелерине арналган. Эмгектери: Проблемы рационального использования орошаемых земель. Б., 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1