Тынчтыкбек Акималиев

Википедия дан
Акималиев, Тынчтыкбек‎»‎ барагынан багытталды)
Акималиев, Тынчтыкбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Акималиев, Тынчтыкбек
Туулган жылы: 1986-жыл
Туулган жери: Ак-Талаа айылы, Ат-Башы району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: кинооператор жана кинорежиссер
Наамдары: Кадыржан Кыдыралиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси
Чыгармачылык активдүүлүгү: 2008-жылдан баштап азыркы кезге чейин
Киностудия:

Акималиев, Тынчтыкбеккинооператор жана кинорежиссер.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынчтыкбек азыркы кыргыз киносундагы өтө ийгиликтүү, тынымсыз иштеген операторлордун бири.
Анын чыгармачылык активинде ондон ашуун толук метраждуу көркөм фильм, бир нече кыска метраждуу кино бар.
Тынчтыкбек адегенде Т.Адыранов мектебин бүтүрүп, андан соң 2004-2009-жылдары Кыргыз-түрк Манас университетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүн аяктаган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынчтык өтө мобилдүү иштеген, ошого жараша талыкпай издене билген оператор.
Анын тарткан фильмдери профессионалдык деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып турат.
Ар бир фильминде Тынчтыктын өзүнө гана таандык стили баамга урунат.
Кандай гана шартта болбосун кызыктуу жол таба билген художник.

Оператор катары тарткан фильмдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2008 - "Муза" (кыска метраждуу фильм, башка оператор менен биргелешип тарткан)
  • 2009 - "Кандуу сүйүү-2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2009 - "Таштанды кыз" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2009 - "Контакт" (кыска метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2009 - "Үмүт" (кыска метраждуу дарекүү фильм, оператор менен биргелешип тарткан)
  • 2010 - "Жараланган турналар" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2011 - "Кыз-жигит" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2011 - "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2011 - "Токолдор тополоңу" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2011 - "Мен сага ишенем" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2012 - "Жараланган турналар - 2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2012 - "Сенин тилиң - Манастын тили" (кыска метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2012 - "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2012 - "Возварщение блудной дочери" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
  • 2012 - "Каргыш" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)

Режиссер катары тарткан фильмдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2009 - “Месть”
  • 2010 - “Неоконченные сны”

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кадыржан Кыдыралиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]