Акишев Кемал

Википедия дан

Акишев Кемал (23. 5. 1924. Павлодар облусу Барнаул шаары - 2004) - археолог, казак археология илимин негиздегендердпн бири. Казакстан мамлекеттик сыйлыгы (1982), Казак Республикасынын ИАнын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгы (1966) лауреаты, Германия Археологиялык институтунун корреспондент мүчөсү (1983), Казакстандын илимге эмгек сиңирген кызматкери (1989), 1950-ж. Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн соң Казакстан ИАда аспирант, кенже жана улук илимий кызматкер, профессору. 1955-90-ж. Ч. Валиханов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунда археология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1991-жылдан А. Маргулан атындагы археология институтунун бөлүм башчысы, институттун улук илимий кызматкери. 1954-жылдан Казакстан аймагындагы археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Байыркы жана орто кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Ысык коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5-4-к.), Бешчатыр (б. з. ч. 6-5-к.), Отрар ж. б. археологиялык табылгаларды ачкан жана изилдеген. 220га жакын илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын автору. «Древняя культура саков и усуней долины р. Или» (1963), «Древняя культура Центрального Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорундагы маданияттардын маанилүү жана негиздүү маселелерин изилдеген. «Парасат» ордени менен сыйланган (1998).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1