Акклиматизация

Википедия дан

Акклиматизация — өсүмдүк, жаныбар жана кишинин жаңы климаттык шартка көнүүсү. Адамдын акклиматизациясы адаптациянын бир формасы. Ал организмдин зат алмашуусунун жана функциясынын өзгөрүшү менен коштолот. Жердеги тиричиликтин өөрчү процессинде акклиматизациягага жөндөмдүүлүк пайда болуп, ал ар кандай климаттык зоналарга жана климаттын циклдүү өзгөрүүсүнө байланыштуу. Адамдын жаңы климаттык жана географиялык шартка көнүгүүсүндө биолошиялык процесстер менен бир катар социалдык-экономикалык факторлор: эмгек жана тиричилик шарты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунда болот. Дени соо кишиде акклиматизация процесси оңой, функциялары бузулбастан эле өтөт. Табигый оор шарттарда, мисалы, четки түндүктө, Антарктида адаптация механизми өтө күчтүү жүрүп, кээ бир функциянын өзгөрүүсүнө алып келет.

Ысык климатта акклиматиация табиттин начарлашы, ичеги функциясынын жана уйкунун бузулушу, жугуштуу ооруларды тез жуктуруу менен коштолот. Мында суу-туз алмашуу бузулуп, булчуңдун жыйрылуусу начарлайт, өтө тердеп, заара аз бөлүнүп, дем алуу, тамырдын кагышы тездейт. Күнгө күйүү ультракызгылт көк радиациянын ашыкча таасиринен сактайт. Экватордогу нымдуу тропик токоюнда кишинин акклиматизациясы абдан оор болот. Дене абдан ысып кетсе ысык урууга, ысыктыктан өтө арыктоого, минерал заттын тер аркылуу көп бөлүнүшүнө дуушарлантат. Мындай учурда суу-туз режимин сактоо, туура тамактануу, ылайык кийим кийүү, имаратка кондиционерлерди коюу керек. Бара-бара жогорку темпрага жана нымдуулукка организм көнүп, зат алмашуу ж. б. физиологиялык функциялар калыбына келе баштайт.

Бийик тоо деңиз деңгээлинен канчалык жогору болсо, ошончолук акклиматизация татаал болот (к. Түтөк). Кээде климатты алмаштыруу организмге жакшы таасир берет, ошондуктан мындай жер которуу курортологияда кеңири колдонулат. Акклиматизациянын организмге өтө таасир этпей өтүүсү үчүн ар кандай медициналык тандоо жүргүзүлөт. Ар кандай ооруларга тиги же бул климаттык шарттын тийгизген таасири аныкталат. Элдүү пункттарды жана үйлөрдү климаттык өзгөчөлүккө жараша куруунун, климатка жараша кийим менен камсыз кылуунун, тамак, эмгек жана эс алуу режимин сактоонун мааниси чоң. Акклиматизация процессине ичкилик терс таасир берерин унутпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8